Доминиканда түнкү клубдун чатыры кулап, 79 адам каза тапты

Доминикан Республикасынын борбору Санто-Домингодогу Jet Set түнкү клубунда чатыр урап түшкөндөн кийин кеминде 79 адам каза болуп, 160тан ашууну жаракат алды. Бул тууралуу Associated Press агенттиги кабарлады.

Кырсык меренге (Доминиканга таандык музыкалык жана бий стили) концерти учурунда болгон. Ал кечеге саясатчылар, спортчулар жана артисттер катышкан.
 
Куткаруучулар бир суткага жакын убакыттан бери урандыларды тазалап, тирүү адамдарды табууга аракет кылып жатышат. Урандылардын алдында дагы ондогон адамдар болушу мүмкүн.
 
Окуя болгон жерде Монте-Кристи провинциясынын губернатору, мурдагы бейсбол жылдызы Нельсон Крустун карындашы Нельси Крус каза тапты. Ал урандылардын астында калган учурда президент Луис Абинадерге түн ичинде телефон чалып, жардам сураган. Кийинчерээк ал ооруканада көз жумган.
 
Каза болгондордун арасында MLB лигасынын мурдагы питчери Октавио Дотель жана бейсболчу Тони Энрике Бланко Кабрера бар. Концертке катышкан оркестрдин саксофончусу да каза болгон. Жабыркагандардын арасында депутат Брэй Варгас бар.
 
Концертте ырдаган белгилүү ырчы Рубби Перес дайынсыз болууда. Башында ал куткарылды деп айтылган, бирок кийинчерээк бийлик бул маалыматты төгүнгө чыгарды. Ырчынын менеджери Энрике Паулино шоу түнкү саат он экилерде башталганын, ал эми чатыр бир саат өткөндөн кийин ураганын билдирди. Анын айтымында, баары бир заматта болуп кеткен – ал бурчка жашынып аман калган. Башында Паулино жер титирөө болду деп ойлогон.
 
Азырынча кырсыктын так себеби белгисиз. Ошондой эле имарат акыркы жолу качан текшерүүдөн өткөнү да маалым эмес. Клубдун ээси Антонио Эспайят шашылыш түрдө өлкөгө кайтып келген – клубдун билдирүүсүндө алардын бийлик менен тыгыз кызматташып жатканы айтылган.
 
Кырсык болгон жерде куткаруучулар, дарыгерлер жана өрт өчүрүүчүлөр нөөмөттө турушат. Жанында талаа моргу жана кан тапшыруу пункттары уюштурулган. 120дан ашуун адам жардам көрсөтүүгө келген.
 
Президент Луис Абинадер трагедия болгон жерге барып, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, издөө иштерин токтотпой турганын убада кылды.
 
Jet Set клубу Санто-Домингодо өзгөчө жай катары белгилүү болчу, айрыкча дүйшөмбү күндөрү өтчү меренге кечелери менен. Бул “меренгелүү дүйшөмбүлөр” Доминикан жана Латын Америкасынын сахна жылдыздарын чогултуп, борбор калаа тургундары үчүн музыкалык салтка айланган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз