Трамп көпчүлүк өлкөлөр үчүн бажы тарифтерин жогорулатууну токтотту, бирок Кытайга карата тарифтерди дагы көтөрдү

АКШнын президенти Дональд Трамп дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү үчүн жогорулатылган бажы төлөмдөрүн 90 күнгө токтото турганын билдирди. Бул убакыт аралыгында, Трамп Truth Social'дагы социалдык тармагына жазгандай, тариф 10% деңгээлинде болот, деп жазат "CentralAsiа" басылмасы.

Ошол эле учурда, Трамптын айтымында, Кытай үчүн бажы төлөмдөрү андан да жогорулайт — 104%дан 125%га чейин көтөрүлөт. Бул чечим дароо күчүнө кирет деп билдирди АКШ президенти жана Кытайды «дүйнөлүк рынокторго урмат-сый көрсөтпөй жатат» деп айыптады.
 
Трамп 90 күндүн ичинде кайсы өлкөлөр үчүн төмөндөтүлгөн тарифтер иштей турганын тактаган жок. Бирок ал бул мамлекеттер АКШ менен соода келишимдери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын жана «АКШга эч кандай түрдө каршы чыкпаган» өлкөлөр экенин белгиледи. Анын айтымында, АКШ менен сүйлөшүү баштаган өлкөлөрдүн саны 75тен ашат.
 
2-апрелде Трамп дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүнө карата бажы төлөмдөрүн киргизгенин жарыялап, бул күндү «Американы бошотуу күнү» деп атаган. Анын айтымында, «он жылдаган убакыттан бери» АКШ башка мамлекеттерге карата соода тоскоолдуктарын азайтып келген, ошол эле учурда ал өлкөлөр америкалык товарларга «чоң тарифтерди» коюп келишкен.
 
Трамптын бул аракеттерине жооп катары бир катар өлкөлөр америкалык продукцияга болгон бажы төлөмдөрүн жогорулатканын жарыялашты. Мисалы, Кытай АКШдан келген бардык товарларга болгон тарифти 84%га көтөрдү, ал эми Евробиримдик темир, алюминий, тоок эти, мотоцикл жана тамеки сыяктуу бир катар америкалык товарларга 10%дан 25%га чейин бажы төлөмдөрүн бекитти.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз