Нью-Йоркто тик учак кулап, 6 адам каза болду
Кеминде алты киши бейшемби күнү Нью-Йорктогу Гудзон дарыясына тик учак кулап түшкөндөн кийин каза болду.
Нью-Йорк шаардык бийлиги жана куткаруучулар журналисттерге билдиришкендей, тик учакта учкуч жана Испаниядан келген туристтердин үй-бүлөсү — эки чоң киши жана үч бала болгон.
«Азыркы учурда бардык алты адам сууга кулап түшкөн тик учактан чыгарылды. Тилекке каршы, алардын баары каза болду», — деди шаар мэри Эрик Адамс.
Кырсыктын себептери азырынча белгисиз. Социалдык тармактарга тараган, бирок расмий тастыктала элек видеодо тик учак дээрлик тик ылдый түшүп, абада айланып барып сууга кулап түшкөнү көрүнөт.
Тик учак Нью-Йорктун тарыхый борборуна жакын, Төмөнкү Манхеттенге туш келген, бирок Гудзон дарыясынын башка жээгиндеги Нью-Джерси-Сити тарапта кулаган.
Нью-Йорк полициясынын комиссары Жессика Тиш басма сөз жыйынында билдиргендей, тик учак туристтер үчүн шаар үстүнөн учууларды уюштурган New York Helicopters («Нью-Йорк Тик учактары») компаниясына таандык болгон.
FlightRadar сайтынын маалыматына ылайык, кырсык болгонго чейин тик учак Манхеттен жана Гудзон дарыясы боюнча бир нече жолу учуп, ар дайым Төмөнкү Манхеттендеги тик учак аянтчасынан учуп чыгып, кайра ошол жерге кайтып турган.
Тик учактын модели — Bell 206L-4 LongRanger IV, мындай үлгүдөгү тик учактар адатта жети адамга чейин батыра алат.
Комиссар Тиштин айтымында, курман болгон адамдардын ысымдары алардын жакындарына кабар берилгенден кийин гана расмий жарыяланат.
New York Post басылмасы өз булактарына таянып жазганына караганда, тик учакта Siemens компаниясынын Испаниядагы филиалынын башчысы Агустин Эскобар үй-бүлөсү менен болгон.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.