Өзгөн шаарына жаңы мэр келди
Өзгөн шаарынын мэри болуп Элдос Таев дайындалды. Бул тууралуу маалыматты "Турмуш" басылмасына Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн тастыкташкан.
Жаңы мэр бүгүн, 14-февраль күнү жамаатка тааныштырылган.
Буга чейин Залкарбек Каримов мэр болуп иштеп келген. Ал өз арызынын негизинде кызматтан бошотулган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.