Кыргызстандын ТИМи Орусиянын элчисин чакырып, нота тапшырышы керек болчу ,- депутат

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын элчисин чакырып, нота тапшырышы керек болчу, — деп билдирди 14-апрелде парламенттин социалдык комитетинин жыйынында «Альянс» фракциясынын депутаты Жанар Акаев.

«Сиздер Орусияда кыргызстандыктарга болгон мамилени көрдүңөрбү. Жөнөкөй айдоочулар, ашпозчулар мончодо эс алып жатышкан. Дружинниктер келип, себепсиз сабап, ачуу калемпир жедиртип, эмнеге экенин түшүндүрбөй эле сойлоп жүрүшкөн. Эмнеге? "Бизге жакпайсыңар" деген үчүн. Бул зомбулук эмеспи? Тышкы иштер министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин реакциясы кана?» — деп суроо салды Акаев.
 
Анын айтымында, министрлер тарабынан эч кандай реакция болгон жок. Депутат бул министрлердин кызмат ордуна ылайыктуулугун карап чыгуу керектигин белгиледи.
 
«Ыйман нуру» фракциясынан депутат Винера Раимбачаева мындай көрүнүш Москвада эле эмес, Россиянын башка шаарларында да болуп жатканын айтты. «Биз Евразия мейкиндигинде жашайбыз. Бирок кыргызстандыктарды коргоо маселеси көтөрүлбөйт», — деди ал жана Новосибирсктеги окуяны эске салды.
 
Ошол эле фракциядан депутат Эрнис Айдаралиев бул адамдар укук коргоо органдары эмес, жөн гана элдик дружинниктер болгонун белгиледи.
 
Буга чейин соцтармактарда күч түзүмдөрүнүн эркектерди жерде сойлоп жүрүүгө мажбурлап жаткан видеосу тараган. Видеодо атайын бөлүктүн кызматкерлери башын көтөрбөөнү талап кылып жатканы жана сабалган үндөр угулуп жатканы көрүнөт.
 
Тараган маалыматтарга караганда, бул окуя 10-апрелде Москвада болгон. Полиция кыргызстандык жарандар эс алып жаткан мончого рейд жүргүзгөн.
 
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 12-апрелде билдиргендей, бардык кыргызстандыктар Москвадагы Тимирязев райондук полиция бөлүмүнө жеткирилип, алардын документтери жана Россияда мыйзамдуу жүрүшү текшерилген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз