ТИМ кыргызстандыктардын Москвадагы мончодо массалык түрдө кармалышы боюнча Орусияга нота тапшырды

Тышкы иштер министринин орун басары Азамат Имангазиев менен Кыргызстандагы Орусиянын элчиси Сергей Вакуновдун жолугушуусу болуп өттү. Бул жолугушуу 11-апрелде Москва шаарындагы «Бодрость» мончо комплексинде кыргызстандыктардын массалык кармалышына байланыштуу өткөрүлдү.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда россиялык тарапка расмий нота тапшырылып, укук коргоо органдары жүргүзгөн операциянын негиздери жана Кыргызстандын жарандарына карата күч колдонулганы боюнча маалымат берүү өтүнүчү айтылды. Эгерде күч колдонуу негизсиз болгон болсо, анда укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата тиешелүү чараларды көрүү зарылдыгы белгиленди.
 
Ошондой эле, Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча натыйжалуу чараларды көрүү жана мындай жагдайлардын кайра кайталанышына жол бербөө өтүнүчү айтылды. Анткени мындай окуялар кыргыз-россиялык союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерине зыян алып келиши мүмкүн экени белгиленди.
 
Буга чейин соцтармактарда күч түзүмдөрүнүн эркектерди жерде сойлоп жүрүүгө мажбурлап жаткан видеосу тараган. Видеодо атайын бөлүктүн кызматкерлери башын көтөрбөөнү талап кылып жатканы жана сабалган үндөр угулуп жатканы көрүнөт.
 
Тараган маалыматтарга караганда, бул окуя 10-апрелде Москвада болгон. Полиция кыргызстандык жарандар эс алып жаткан мончого рейд жүргүзгөн.
 
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 12-апрелде билдиргендей, бардык кыргызстандыктар Москвадагы Тимирязев райондук полиция бөлүмүнө жеткирилип, алардын документтери жана Россияда мыйзамдуу жүрүшү текшерилген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз