Грек-рим күрөшү боюнча Европа чемпионаты: Тарыхта биринчи жолу эки балбанга алтын медаль ыйгарылды
Братислава шаарында (Словакия) спорттук күрөш боюнча Европа чемпиондугу аяктады, деп жазат "Спорт АКИпресс".
13-апрелде грек-рим күрөшү боюнча акыркы 5 салмак даражасындагы медалдар ойнотулду.
72 килограммга чейинки салмакта финалда венгриялык Левенте Леваи менен франциялык Ибрагим Ганем беттешти. Бул француз спортчу 25-февралда Алматы шаарында өткөн PWL мелдешинде Акжол Махмудов менен кез келип, мөөнөтүнөн мурда жеңилген болчу.
Европа чемпиондугунун финалында алгач Леваи атаандашынын пассивдүүлүгү үчүн бир упай алып, партерден кол салууга мүмкүнчүлүк алды. Венгр спортчу Ганемди көтөргөн учурда, француз аны тосуп алып, эки упайга ээ болду. Леваи видео катйлаоого кайрылды, бирок натыйжада дагы бир упайдан кол жууп, эсеп 3:1 болуп Ганемдин пайдасына аяктады.
Экинчи бөлүктө калыстар французга дагы бир упай берип, Леваини партерге жаткырышты. Эсеп 4:1ге жетти. Ганем 20 секундга чейин Леваинин үстүндө жатып, андан кийин күрөш кайра туруп уланды.
52 секунд калганда калыстар Леваиге атаандашынын пассивдүүлүгү үчүн бир упай беришип, эсеп 4:2 болду. Леваи бул жолкусунда Ганемди чындап көтөрүп, аны килемдин сыртына ыргытып, дагы эки упай алды — эсеп 4:4. Таблодо акыркы аракет Леваиге таандык болгондуктан, ал жеңүүчү катары көрсөтүлдү.
24 секунд калганда Ганем килемден чыгып кетти, калыстар Леваиге дагы бир упай беришти — 5:4. Бирок француз тарап видеокайрылууга кайрылып, калыстар эпизодду кайра карап чыгып, өз чечимдерин өзгөртүштү — упай жокко чыгарылды. Эсеп кайра 4:4 болуп, Леваи акыркы аракет үчүн жеңүүчү катары калды.
Бул учурда Ганем нааразы болуп, эмне болуп жатканын түшүнбөй жатты. Ал 4:4 эсебинде жеңиш ага тийиши керек деп ойлогон. Капталдагы калыстар ким кайсы учурда упай алганын кайра карап чыгышты. Бирок чечим өзгөртүлгөн жок — Леваи жеңүүчү деп табылды.
Ганем кыжырданып, күрөш аянтынын ортосуна келүүдөн баш тартты. Бул үчүн ага сары кагаз көрсөтүлдү. Кийинчерээк күрөш кайра жанданды, бирок калган убакытта француз эч нерсе жасай алган жок.
4:4 — Леваи жеңүүчү деп табылып, Европа чемпиону болду.
Венгр спортчу жеңишин майрамдап, көзүнө жаш алды. Ал эми француз тарап чечимге нааразы болуп, калыстар менен талашып жатты. Ганем өзү да түшүндүрүп жатты: анын упайлары сапаттуу болгондуктан, жеңиш ага берилүүгө тийиш эле.
Леваи эки упайды ыргыткан үчүн, эки упайды атаандашынын пассивдүүлүгү үчүн алды. Ганем болсо эки упай ыкмасы үчүн, бир упай атаандашынын пассивдүүлүгү үчүн жана бир упай Леваинин видеокайрылуусун уттурганы үчүн алды. Бирок анын эсебинде сары карточка бар болчу — калыстар менен талашканы үчүн.
Калыстар дагы бир нече жолу күрөштү, протоколдорду кайра карап чыгышты. Бирок эч кандай өзгөртүү киргизилген жок. Леваи желегин көтөрүп, килемде кубанып жүрдү, ал эми Ганем кетүүдөн баш тартты.
Акыры кийинки салмак категорияларындагы беттештер өтүп, 72 килограммга чейинки салмакта жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи башталды.
Сыйлык тапшыруу аземине 4 балбан чыкты. Азербайжандык Улви Ганизаде менен Түркиялык Мехмет Сахин коло байге алышты. Бирок күмүш медаль ээсине арналган тепкич бош калды. Анткени, ушул учурда француз тарап күрөштү дагы эле талашып жаткан болчу. Акыры алар чындыкты далилдеп чыгышты.
Күрөш боюнча эл аралык уюм (UWW) финалдык беттеште калыстар ката кетиргенин таанып, 72 килограммга чейинки салмак категориясында эки чемпионду жарыялады.
«Талаштуу учур үчүнчү пассивдүүлүккө чакыруу болгондо орун алды. Бул учурда Леваиге упай берилбеши керек эле, болгону кайсы абалдан улантууну тандоо мүмкүнчүлүгү гана берилиши керек болчу. Бирок калыстар ката кетирип, ага бир упай ыйгарышты. Бул беттештин жыйынтыгына түздөн-түз таасир тийгизди. Эгер ката кетпесе, Ганем 4:3 эсебинде жеңмек», — деп жазылат расмий билдирүүдө.
Франция делегациясы расмий түрдө протест берип, финалдан бир нече саат өткөндөн кийин UWW өкүлдөрү калыстардын катасын моюнга алышты.
Натыйжада тарыхта биринчи жолу мындай чечим кабыл алынды: 2025-жылы 72 килограммга чейинки салмак категориясында Европанын эки чемпиону жарыяланды — Левенте Леваи жана Ибрагим Ганем.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.