Рита Карасартова убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Активист Рита Карасартова кармалды, деп 15-апрелде анын жакындары социалдык тармактарда билдиришти, деп жазат "Сводка АКИпресс".

Алардын айтымында, Карасартованы Чүй облусунун ИИБсине суракка чакырып, андан кийин кармашкан. Ал КР Жазык кодексинин 278-беренеси («Массалык баш аламандыктар») боюнча шектелүүдө.
 
Анын кармалышы эмнеге байланыштуу экени азырынча белгисиз. Бирок бир катар активисттер жана ЖМКлар бул окуя активист Тилекмат Куреновдун катын жарыялоо менен байланыштуу болушу мүмкүн деп болжолдошууда. Ал кат мурда эле жазылган жана Карасартованын айтымында, Куренов эгерде аны кармашса же башка бир нерсе болуп кетсе, аны жарыялап коюусун өтүнгөн. Карасартова бул катты 14-апрелде күндүз жарыялаган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз