Жээнбек Кулубаев Москвадагы мончодогу окуя боюнча: "Патриоттук сезим менен биздин жарандар таптакыр эле ал жакка барбай койсо жакшы болмок"

Москвадагы мончодо кыргызстандыктардын катышуусундагы резонанстуу окуя ультиматум коюу шарттарын түзүүдө, – деди тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында, деп жазат "АКИпресс" басылмасы.

Сузак округунан депутат Алтынбек Кылычбаев Москвадагы мончодо кармалган кыргызстандыктар арыз жазуудан баш тартканын белгиледи.
 
«Алар, албетте, арыз жазышпайт. Анткени депортация же башка кесепеттерден коркушат. 2011-жылы мен миграция өкүлчүлүгүндө иштеп, уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшкөн элем – анда 10дон ашык арыз түшкөн. Бирок алардын бардыгы “кылмыштын курамы жок” деп жабылган. Азыр да ошондой болот, арыз жазылса деле. Сиз мекеменин ээси салык карызы бар экенин айттыңыз. Андан сырткары, бензин, газ жана башка ресурстарды бербей коюшубуз мүмкүн дедиңиз. Бирок мындай абал жаңы эмес, 1990-жылдардан бери эле уланып келе жатат. Биздин жарандарга карата ар дайым ушундай мамиле болуп келген. Сиздер бензин менен газды башка өлкөлөрдөн сатып алуу мүмкүнчүлүгүн карап көрдүңүздөрбү?» – деген суроо берди депутат.
 
Министр Кулубаев мындай мүмкүнчүлүктөр чын эле каралып жатканын билдирди:
 
«Азербайжан же Ирандан сатып алса болот. Бирок биз Россиядан мунай продуктыларын бажы төлөмүсүз алып жатабыз. Эгерде Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолу курулуп бүтсө, бул альтернатива багыт болот», – деди ал.
 
Министр дипломат катары мүмкүн болгон кесепеттерди алдын ала эсептөө керектигин белгиледи:
 
«Бир кадам санкцияга алып келиши мүмкүн. Мен андай болот дебейм, бирок биз даяр болушубуз керек. Патриоттук сезим менен биздин жарандар таптакыр эле ал жакка барбай койсо жакшы болмок. Ал жакта чынында эле жумушчу күчү жетишпейт, ошондуктан бизди чакырышат. Бирок эгерде биздин жарандар барбай коюшса, бул кырдаал башкача болмок. Биз 'барбагыла' дейбиз, бирок балдарыбыз баары бир кетишет. Бул багытта көйгөйлөр көп», – деп кошумчалады ал.
 
Кылычбаев мамлекет жарандарды патриоттук сезим менен гана эмес, татыктуу шарттарды түзүү аркылуу кармап калуусу керектигин айтты:
 
«Кетишсин, бирок араб өлкөлөрүнө, Америкага, Европага. Бирок алар ал жакка бара албайт, анткени тил билишпейт. Биз алар үчүн шарт түзүшүбүз керек», – деди ал.
 
Министр Кулубаев депутаттын оюна кошулду:
 
«Туура айтасыз, билимдүү жарандар Россияга барбайт, алар Европа, АКШ, Жапонияга кетишет. Ал эми Россияга көбүнчө билим деңгээли төмөн жарандар барат. Ошондуктан шарт түзүп, билим сапатын көтөрүп, жумуш орундарын камсыздап, андан кийин четке чыгууну ойлош керек. Экономика өнүгүшү үчүн биздин калк 13 миллионго жетиши керек, ошондо гана туруктуу өсүш болот. Бул багытта өкмөт иш алып барат», – деди ал.
 
Депутат Кылычбаевдин айтымында, Россияга кыргыз мигранттары керек эмес:
 
«Мындай мамиледен ушундай жыйынтык чыгарууга болот», – деди ал.
 
Буга жооп катары министр Кулубаев бул иштин коомдук резонанс жаратканы жакшы болгонун белгиледи:
 
«Бул мындан аркы сүйлөшүүлөргө, ультиматум коюуга шарт түзөт. Албетте, мындай учурлар болбошу керек. Бирок биз бул кырдаалды колдонууга аракет кылабыз», – деп жыйынтыктады ал.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз