Абхазия менен Армениядан келген унааларды легалдаштыруу: Министрлер кабинети убактылуу тартипке өзгөртүү киргизди

Чет мамлекеттердин мамлекеттик номур белгилери бар унааларды легалдаштыруу боюнча убактылуу тартипке өзгөртүүлөр киргизилди. Тиешелүү токтомго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Негизги өзгөртүүлөр:
 
- Чек арадан өткөндүгү тууралуу маалымдама жокко чыгарылды. Эми унаа ээлерине Кыргызстан аймагына унаанын кирген датасын тастыктаган документти көрсөтүүнүн кереги жок;
 
- Унаанын конструкциясынын коопсуздугу тууралуу күбөлүк (СБКТС), Евразия экономикалык биримдигинин Бирдиктүү реестриндеги аккредитацияланган лаборатория тарабынан берилчү документ жокко чыгарылды. Анын ордуна унаалар аккредитацияланган автолабораторияларда техникалык кароодон өтүп, унаанын коопсуздугу тууралуу жыйынтык алышы керек.
 
Легалдаштыруу үчүн бир жолку жыйым дифференцияланып белгиленди:
 
- кыймылдаткычтын көлөмү 2000 куб. см чейин болсо — 50 000 сом;
 
- 2001 куб. см жогору болсо — 100 000 сом.
 
Кыргызстанда 1-апрелден тартып, президент Садыр Жапаровдун «Автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгынын алкагында чет элдик номурлардагы унааларды легалдаштыруунун биринчи этабы башталган.
 
Чет мамлекеттердин номерлериндеги унааларды легалдаштыруу процесси 2025-жылдын 1-октябрына чейин уланат жана үч этаптан турат.
 
2024-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинген, чет элдик мамлекеттик номур белгилери бар, менчик укугун тастыктаган документтери жок жана бажыдан өткөрүлбөгөн бардык транспорт каражаттары легалдаштырууга жатат.
 
Легалдаштырылган транспорт каражаттарына 10-региондун мамлекеттик номур белгилери ыйгарылат.
 
Мындан тышкары, бул унаалар сатууга, Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарууга болбойт жана такси катары колдонууга тыюу салынат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз