«Мэр чыксын»: Оштогу борбордук базардын ондогон соодагерлери мэр менен сүйлөшүүнү талап кылышты

Бүгүн, 16-апрель күнү Ош шаардык мэриясынан биринчи кабатынын кире бериш жерине Оштогу борбордук базардын жүзгө жакын соодагерлери чогулду, деп жазат "Турмуш" басылмасы.

Алардын айтымында, базарчылар шаардагы бардык базарлар жылса гана жаңы базарга көчүшөт.
 
Соодагерлердир бири: «"Келечек", "Бексултан" ж.б. базарлар көчсө гана көчөбүз. Болбосо жаңы базарга клиент барбай коет да»,- деди ал.
 
Чогулгандарга «Базар» муниципалдык дирекциясынын башчысы Чыңгыз Шерматов чыгып, жаңы базарда бардык шарт түзүлүп, асфальт басылып, канализация, жарык орнотулгандыгын, 20-апрелде эски базар жабыларын айтты.
 
«Базар 20-апрель күнү жабылат. 21-апрелден көчүшүңөр керек»,-деди ал.
 
Соодагерлер  «мэр чыксын» деген талапты коюшту. 
 
Чыңгыз Шерматов: «Мэр чыкпайт. Ош шаардык кеңешинин сессиясы болуп, түштөнүүгө чыгышты. 13 маселенин экөө бүттү. Мэрдин кабыл алуусу экинчи күнү болот, ошондо келгиле»,- деди ал.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз