Жерге катуу магниттик бороон түштү

Иллюстрациялык сүрөт.

Жерде күчтүү магниттик бороон башталды, деп билдирди «Фобос» аба ырайы борборунун жетектөөчү адиси Евгений Тишковец.

«Жерге эки ири Күн протуберанцы жетип, магнитосферага сокку урду. Космостук сокку күчтүү магниттик бороонду жаратты, ал бейшемби таңына чейин үзгүлтүктөр менен уланат», — деди ал.
 
Магниттик бороондун чокусу 16-апрелдин түнү жана эртең менен болгонун Сибирь бөлүмүнүн Космостук изилдөөлөр институту жана Күн-Жер физикасы институтунун Күн астрономиясы лабораториясынын сайтында белгиленет. Маалыматка ылайык, бул убакта бороондун күчү G2 — G3 деңгээлинде болгон — орточо жана күчтүү бороон.
 
Тишковецтин айтымында, шаршембиден бейшембиге караган түнү алыскы түндүк аймактарда гана эмес, ортоңку кеңдиктерде да түндүк жаркыроосу (полярное сияние) пайда болушу мүмкүн.
 
Геомагниттик бороон учурунда катуу физикалык жана акыл-эстик чыңалуудан алыс болуу, ошондой эле атайын диетаны кармануу сунушталат, анткени бул бороондор биринчи кезекте жүрөк-кан тамыр жана сиңирүү системаларына таасир берет.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз