Москвадагы мончодогу окуя: Мигранттардын окуясы боюнча Миграция кызматы иликтөө иштерин баштады

Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Москва шаарында КМШнын Адам укуктары боюнча комиссиясынын жыйынынын алкагында Орусиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Акыйкатчынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптар Кыргызстан менен Орусиянын жарандарынын укуктарын коргоо жаатындагы кызматташууну талкуулашты.
 
Жамиля Джаманбаева 2025-жылдын 10-апрелинде Москва шаарындагы «Бодрость» мончо комплексинде болгон окуяга байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.
 
«Видео кадрларды көргөндө, КР жарандарына карата укук коргоо органдары тарабынан күч колдонуу канчалык негиздүү жана туура болгону тууралуу суроолор жаралат. Кыргызстандыктарга карата административдик же күч менен байланышкан чаралар процессуалдык укуктарга, эл аралык милдеттемелерге ылайык колдонулушу керек. Кыргызстан — Евразия экономикалык биримдигинин толук укуктуу мүчөсү», – деди ал.
 
Акыйкатчы орусиялык кесиптеши Татьяна Москалькованы кыргыз жарандарынын укуктарын коргоодо көмөк көрсөтүүгө чакырды.
 
Татьяна Москалькова бул окуя боюнча прокуратура жана РФнын Миграция кызматы иликтөө иштерин баштаганын маалымдады.
 
«Бул боюнча мен буга чейин эле реакция кылгам жана контролдо кармайм. Азыр биздин өлкөдө коопсуздук чараларын күчөтүү талап кылынууда. Бирок коопсуздукту күчөтүү менен бирге, ак ниет адамдардын укуктары бузулбашы керек.
 
Жакында бизге Шереметьево аэропортундагы кырдаал тууралуу маалымат түштү – ал жерде эмгек мигранттарына катуу мамиле болуп, документтерин узак текшеришет экен. Биз Чек ара жана Бажы кызматтарынын жетекчилиги менен бул маселени изилдеп, тиешелүү чараларды көрдүк. Мындан ары да ар бир конкреттүү иш боюнча иш алып барууга даярбыз», – деди Москалькова.
 
Акыйкатчы институту Кыргыз Республикасынын ТИМи жана чет өлкөлөрдөгү элчиликтери менен кыргыз жарандарынын укуктары бузулбашы үчүн кызматташууну улантарын белгиледи.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз