Орусиянын ТИМи мончодогу текшерүү кайсыл бир өлкөнүн жарандарына каршы багытталбаганын билдирди

Москва шаарындагы «Бодрость» мончо комплексинде жүргүзүлгөн текшерүү укук коргоо органдары тарабынан пландуу мүнөздө өткөн жана ал кайсы бир мамлекеттин жарандарына каршы багытталган эмес. Бул тууралуу ТАСС агенттигине Россиянын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, кармалган 59 чет элдик жарандын ичинен 25и Россияда мыйзамсыз жүргөн. Алардын айрымдары күч түзүмдөрү тарабынан “радикалдуу топторго тиешеси бар” деп шектелүүдө.
 
Тышкы саясат мекемеси белгилегендей, социалдык тармактарда тараган кармоо операциясына байланыштуу видеолорду айрым колдонуучулар “күч колдонуу ашыкча болгон” деп комментарий жазышкан. “Ошол эле маалда бар болгон маалыматка ылайык, операция учурунда чет элдик жарандар укук коргоо кызматкерлерине каршылык көрсөткөн. Ошондуктан аларга карата тиешелүү чаралар колдонулган”, – деп билдиришти министрликтен.
 
«Бодрость» мончосунда рейд 10-апрелде жүргүзүлгөн. ИИМ тарабынан жарыяланган видеодо күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери эркектерди жерге жата калтырып, бетин жерге караткан учурлар көрсөтүлгөн. 14-апрелде Бишкекте Россиянын элчиси Сергей Вакуновго расмий нота тапшырылып, күч кызматкерлеринин аракеттерин текшерүү талап кылынган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз