Депутат Билим берүү министринин жаңы окуу жылына даярдык боюнча баяндамасын кайрадан угуп чыгууну сунуштады

Депутат Чынгыз Ажибаев (Лейлек шайлоо округу) 17-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаевага парламент жыйынындагы эфирди кайрадан көрүп чыгууну сунуштады. Анда министр жаңы окуу жылына даярдык боюнча маалымат берген.

«Жыйындан кийин кабинетиңизге отуруп, эфирди жакшылап угуп көрүңүз. Сизди бүтүндөй өлкө угуп жатат. Элде суроо жаралат — эгер министр маалыматты ушинтип берсе, анда биздин билим берүү кайда барат? Кайрадан угуп чыккандан кийин, өз алдынча жыйынтык чыгарасыз деп ойлойм», — деди ал.
 
Министрдин баяндамасында «абдан коюлган талаптар бар» деп айтылган. Бул эмне дегенди түшүндүрөт? — деп сурады депутат.
 
«Тийиштүү тапшырмалар берилди, алар көзөмөлдө», — деп жооп берди билим берүү министри.
 
«Мен сиздин докладыңызды толук уктум жана андан канааттанган жокмун», — деди Ажибаев.
 
Кендирбаева бул боюнча кагаз түрүндөгү презентацияны берерин айтты.
 
«Ушул убакыт ичинде Лейлек районундагы мектептердин абалы менен тааныштыңызбы? Президент Кыргызстан Баткенден башталат деген. Ошондуктан бардык иштерди Баткенден баштоо керек, көзөмөлдү күчөтүңүз», — деп кеңеш берди депутат.
 
Министр болсо буга чейин Баткенде жана башка аймактарда болгонун, Лейлек району гана калып калганын билдирди.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз