Мунарбек Сейитбек уулу АКШдагы мелдеште жарым финалга чыкты

Кыргызстандын спортчусу Мунарбек Сейитбек уулу АКШда өтүп жаткан эл аралык турнирдин жарым финалына чыкты, деп жазат "Спорт АКИпресс".

USA Boxing International Open турнири 15-апрелде Колорадо штатынын Пуэбло шаарында башталган. Кыргызстан атынан башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулунун жетекчилиги алдында 7 спортчу катышууда.
 
Анвар Ходжиев (50 кг чейин) жарым финалдан баштап, Австралиялык спортчуну жеңип финалга чыкты. Финалдык беттеште анын атаандашы америкалык спортчу болот.
 
55 кг салмак категориясында Кыргызстандан эки спортчу чыккан. Санжай Сейдакматов чейрек финалда австралиялык спортчуга утулуп, медаль үчүн күрөштөн чыгып калды. Ал эми Зафарбек Камилов АКШдан келген эки спортчуну удаа жеңип, жарым финалга чыкты. Аны бул баскычта дагы бир америкалык күтүп турат.
 
Мунарбек Сейитбек уулу (60 кг чейин) 1/8 финалдан баштап, эки америкалыкты жеңип, жарым финалга чыкты.
 
Алмаз Орозбеков (65 кг чейин) биринчи беттеште америкалыкты, андан соң канадалык спортчуну жеңип, жарым финалга жолдомо алды.
 
70 кг салмакта Кыргызстандан эки спортчу чыгып жатат. Элдар Турдубаев эки беттеште жеңишке жетип, жарым финалга чыкса, Ихтиер Нишанов да америкалыкты жеңип, 1/2 финалга чыкты. Эки кыргызстандык финалда бири-бири менен беттешип калышы мүмкүн.

 

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз