"Эйр КейДжи" авиакомпаниясы жоюлду
Министрлер кабинети Президенттин Иш башкармалыгынын алдындагы «Эйр КейДжи» авиакомпаниясы мамлекеттик ишканасын жоюу чечимин кабыл алды.
Тиешелүү №203 токтомго 2025-жылдын 14-апрелинде министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Документке ылайык, аталган авиакомпанияны жоюу иштери белгиленген тартипте Президенттин Иш башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш.
Мындан тышкары, бул мамлекеттик ишкананы түзгөн 2024-жылдын 31-октябрындагы №657 токтом өз күчүн жоготту деп табылды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.