"Ош ТВ" телеканалы муниципалдык мекеме болуп түзүлдү

"Ош ТВ" телеканалынын логотиби

«Ош ТВ» телеканалы муниципалдык мекеме болуп түзүлдү. «Ош ТВны» муниципалдык мекеме катары түзүү тууралуу маселе 16-апрель күнү Ош шаардык кеңеши тарабынан колдоо тапты. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы жазды.

Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов Turmush басылмасына билдиргендей, «Ош ТВ» телеканалы муниципалдык мекеме болуу менен бирге чарбалык жагында өзү алып кетет.
 
« "Ош ТВ" телеканалын муниципалдык мекеме болуп түзүү тууралуу токтом долбоору колдоо тапты. «Ош ТВ» муниципалдык чарбалык мекемеси болуп калды. Телеканал өздөрү жарнамада жана башка нерселерден акча тапса да болот, мэрия дагы субсидия бөлүп бере алат»,- деди Б. Баетов.
 
Буга чейин «Ош ТВ» ЖЧКсынын ээси Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду болчу. Аталган фонддон телеканал Ош шаарына өткөн.
 
Аталган телеканал 1991-жылы негизделип, Кыргызстандагы, анын ичинде Ош шаарындагы социалдык-экономикалык, саясий жана эл аралык жаңылыктарды чагылдырып келген популярдуу телеканалдардын бири.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз