Сенсация! Өзбекстандын 17 жаштагы футбочулары эки футболчуга аз ойноп Азиянын чемпиону болду
Кечээ, 20-апрель күнү Сауд Арабияда 17 жаштагы футболчулардын арасындагы Азия чемпионатынын финалдык оюну болуп өттү. Анда Өзбекстандын курамасы менен Сауд Арабиясынын курамалары кез келип, өзбек курамасы чемпион болду.
Оюндун 40-45-мүнөттөрүндө Сарсенбаев жана Абдукаримов кызыл айып кагазы менен жазаланып, өзбек курамасынын эки оюнчусу оюндан чыгып кетти.
Өзбек курамасы 2 футболчуга аз ойногонуна карабай, жергиликтүү командага гол киргизүүгө жетишти. Экинчи таймдын 50-мүнөтүндө Мухаммад Хакимов пенальтиден гол киргизген болсо, 70-мүнөттө Садриддин Хасанов эсепти эки эселентти. Калган мүнөттөрдө өзбек курамасы коргонууда ишеничтүү ойноп, дарбазасын голсуз сактап калышты.
Натыйжада Өзбекстандын 17 жаштагы футболчулары Азиянын чемпиону аталышты.
Өзбек курамасынын бул жаштагы оюнчулары ушуну менен экинчи ирет Азия чемпиону болушту. Алгачкы ирет бул кубокту өзбек курамасы 2012-жылы уткан болчу.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.