"Жаңы заводдор курулганы менен бюджет өскөн жок": Депутаттар Ак-Турпак айыл өкмөтү боюнча айтты
Бүгүн, 21-апрель күнү АКИпресс-Ошто Баткен облусунун Кадамжай районунун Ак-Турпак айылдык кеңешинин депутаттары маалымат жыйын беришти.
Алардын айтымында, 2021-жылы айыл өкмөттүн бюджети канча болгон болсо, 2025-жылы деле чоң өзгөрүү болгон жок. Бирок, 4 жылдын ичинде айыл өкмөттүн аймагына 4 жаңы кыш заводу курулган.
Ак-Турпак айылдык кеңешинин депутаты Кайратбек Сеитмуратов айыл өкмөттүн бюджетин көбөйдү маселеси колдоо таппай калганын айтты.
«Мамлекеттик фонддун 425 гектар жерин бир тараптуу келишимдерин жокко чыгарып, аукцион аркылуу сатып, айыл өкмөттүн бюджетин көтөрөбүз деген максатта 21 депутат бул маселени бир добуштан колдогонбуз. Бул маселе боюнча чечим кабыл алдык. Бирок, ал дагы ишке ашпай калды. Кийнки сессияда биздин бир добуштан кабыл алган чечим күчүн жоготту дагы, ижарага берилген жерлердин ичинен «бактар калсын, социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жери калсын» деп отуруп, 425 гектар жерден аз эле жер аукционго чыгып калды. Бюджетти көтөрөбүз деген максатыбыз ишке ашпай калды. 2021-жылы жылды жыйынтыктап жаткандай айыл өкмөттүн бюдженти 30, 5 млн сом болсо, азыр 31 млн 700 миң сом эле болуп жатат. Бюджеттин айырмасы деле аз болуп жатат. Бюджет көтөрүлбөй жатат. Бирок, өзгөрүүлөр көп. 2021-жылдан бери 4 жаңы кыш завод курулду. 1 бетон-цемонт заводу курулду. Лицензия берген жана башка маселелер боюнча да биздин айыл өкмөттүн бюджети көтөрүлбөй жатат. Биздин негизги максатыбыз – бюджет көтөрүлсүн, элдин маселеси чечилсин деген эле максат болчу»,- деди ал.
Ал эми Ак-Турпак айылдык кеңешинин турак жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын мүчөсү Алмазбек Мамараимов буларга токтолду.
«2022-жылы Ак-Турпай айыл өкмөтүндө токтом кабыл алынган. «Элге турак жайга жер берилсин» деген. Ошол токтомдо депутаттар 1 миң 840 адамдын тизмесин бекитип берген. Ар бир айылга калктын санына карап квоталар бөлүнгөн. Мен мурда айыл башчы болуп иштеген жаңы Жетиген айылына 17 же 20 квота бөлүнгөн. Ошол 17 адамдын тизмесинин ичинде 4 эле адам Жетиген айылынын туруктуу жашоочусу болгон. Мен Жетиген айылынан депутат болуп шайланып келгенден кийин да Жетиген айылынын кайсыл жашоочусун жер берилгени боюнча тизмени ала алган жокмун. Ошол учурларда Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башка айыл өкмөттүн тургундары эски дата менен жерлерди алып жактаны боюнча укук коргоо органдарына арыз жазганбыз. Эски число менен бакша айыл өкмөттүн 3 жараны жер алганы боюнча маалыматтар чыкты. Укук коргоо органдарына кайрылсак, эч кандай чара көргөн жок. Ошондуктан, урматуу президент, урматтуу УКМКнын башчысы, сиздерге кайрылабыз, маселебизди карап коюңуздарды суранабыз»,- деди ал.
Ошондой эле депутаттар айыл өкмөткө ижара боюнча 8 млн сом гана акча түшүп, көп ижара келишимдер негизсиз болгону үчүн ижара акыны көтөрө албай жатканын айтышууда.
Алар кошумчалагандай, көп келишимдер негизсиз, мыйзам бузуу аркылуу түзүлгөндүктөн айыл өкмөт ижарачылар үчүн ижара акыны көтөрө албай жатат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.