Азербайжандын Маданият министри Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл койду

Бүгүн, 22-апрелде Азербайжан Республикасынын Маданият министри Адиль Габиль оглу Каримли расмий иш сапарынын алкагында “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, сапардын жүрүшүндө министр Адиль Кримли 1916-жылдагы каргашалуу окуяларда (Үркүндө) каза болгондордун эстелигине гүлчамбар коюп, кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине таазим этип, бейитине гүл койду.
 
«Иш-чарада Азербайжан Республикасынын Маданият министрин Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков коштоп жүрдү»,- деп айтылат маалыматта.
 
Меймандар мемориалдык комплекстин музейи менен таанышып, экспозициялар боюнча маалымат алды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз