"Оскар-2025": Сыйлыктын лауреаттары белгилүү болду
97-Оскар сыйлыгын тапшыруу аземи 2025-жылдын 2-мартында болуп өттү. Анын алып баруучусу продюсер, комик Конан О’Брайен болду.
"Эң мыкты фильм" номинациясында Шон Бэйкердин "Анора" драмалык комедиясы жеңишке жетти. Бул тасмада башкы ролдорду Майки Мэдисон, орусиялык актерлор Юра Борисов жана Марк Эйдельштейн аткарышты. Жалпысынан бул наам үчүн он тасма ат салышты, алардын арасында "Бруталист", "Боб Дилан: Эч кимге белгисиз", "Конклав", "Дюна: Экинчи бөлүк", "Эмилия Перес", "Мен дагы деле бул жактамын", "Никель балдары", "Зат" жана "Тажаал: Батыштын бакшысы жөнүндө жомок" бар эле.
"Эң мыкты эркек актер" сыйлыгын "Бруталист" тасмасындагы ролу үчүн Эдриан Броуди жеңип алды. Бул номинацияда анын атаандаштары Тимоти Шаламе ("Боб Дилан: Эч кимге белгисиз"), Колман Доминго ("Синг-Синг"), Рэйф Файнс ("Конклав") жана Себастиан Стэн ("Ученик. Восхождение Трампа") болушту. "Эң мыкты актриса" сыйлыгы "Анора" тасмасындагы ролу үчүн Майки Мэдисонго ыйгарылды. Ал бул номинацияда Фернанда Торрес ("Мен дагы деле бул жактамын"), Деми Мур ("Зат"), Карла София Гаскон ("Эмилия Перес") жана Синтия Эриво ("Тажаал: Батыштын бакшысы жөнүндө жомок") менен ат салышкан.
2025-жылы Юра Борисов "Оскар" сыйлыгына номинацияланган алгачкы орусиялык актер болду. Бирок, "Эң мыкты экинчи пландагы эркек актер" номинациясында "Анора" тасмасынын жылдызы жеңишти Киран Калкинге алдырып жиберди. "Эң мыкты экинчи пландагы аял актер" сыйлыгы Зои Салданага ("Эмилия Перес") тапшырылды.
«Оскардын» лауреаттары:
Эң мыкты тасма – «Анора»

Мыкты актер – Эдриен Броуди («Бруталист»)
Мыкты актриса – Майки Мэдисон («Анора»)

Экинчи пландагы мыкты актер – Киран Калкин («Чыныгы оору»)
Экинчи пландагы мыкты актриса – Зои Салдана (Эмилия Перес)

Мыкты режиссер – Шон Бейкер («Анора»)
Мыкты анимациялык тасма – «Агым»
Мыкты кыскаметраждуу анимациялык тасма - «Кипарис дарагынын көлөкөсүндө”

Мыкты костюмдар – “Тажаал: Батыштын бакшысы жөнүндө жомок»

Мыкты оригиналдуу сценарий – «Анора»

Мыкты ылайыкташтырылган сценарий – «Конклав»

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.