"3 кыз зордукталган": Ош мэриясы антикинотеатрларды жабууну каалайт

Антикинону толук жабуу боюнча сунуштайм. Бул тууралуу вице-мэри Санталат Аманова бүгүн, 24-апрель күнү Ош шаардык мэриясынын коллегиялык жыйында билдирди.

Анын айтымында, буга чейин антикино жайларында жашы жете элек 3 кыз  зордукталган. Кылмыш иши козголгон.
 
«Жашы жете элек кыздар эле эмес, башка кыздар деле ошондой жерде алкоголдук ичимдиктерди ичип, ошол жерлерде, түнкү клубдарда отурганы өкүндүрөт. Ошону үчүн кыздардын саламаттыгын, ден соолугун, балдарга карата кылмыштуулуктун алдын алуу максатында ушул коллегиялык жыйында антикино жайларын жабууну сунуштайм",- деди ал.
 
Мэр Жеңишбек Токторбаев: "15-17 жаштагы кыздар зордукталып жатат. Муну кандай кылабыз? Кантип жабабыз?",- деп милицияга суроо салды. 
 
Ош ШИИБдин башчысы: "Туура, муну жаппасак болбойт. Тилекке каршы ушундай факты бар. Санталат Абдылдаева айткандай, бул жайларды жабыш керек. Кыргыздын менталитетине туура келбей калат экен",- деп айтып, бул маселе боюнча шаардык мэрия жана шаардык кеңештин жардамы керек болорун белгиледи.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз