"Эгер согушту уланта берсе, өлкөсүн жоготуп алышы мүмкүн",- Трамп Зеленскийдин Крым тууралуу билдирүүсү боюнча

«Менимче, бизде Россия менен келишим бар. Бизге Зеленский менен макулдашуу керек. Мен Зеленский менен макулдашуу оңой болот деп ойлогом. Азырынча бул бир аз татаалыраак болууда, бирок бул нормалдуу», — деди АКШнын президенти Дональд Трамп Украинадагы согуш боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Ошону менен бирге ал эки тарап менен тең макулдашууга жетише алабыз деген пикирин билдирди. «Үмүт кылам, булар жетишишет», — деп кошумчалады Трамп.
 
Буга чейин ал Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин «Киев Крымдын оккупациясын мыйзамдуу деп тааныбайт» деген билдирүүсүнө нааразы болгон.
 
«Бул билдирүү Россия менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө тоскоолдук жаратат, анткени Крым көп жыл мурун, Барак Обама президент болуп турган кезде эле жоготулган жана азыр ал боюнча эч кандай талкуу болбойт», — деп жазды Дональд Трамп Truth Social социалдык тармагында.
 
АКШ президенти баса белгилеп, Украинадан эч ким Крымды Россиянын аймагы катары таанууну талап кылып жаткан жок деп айтты. Анын айтымында, «эгер Зеленский согушту уланта берсе, бүтүндөй өлкөсүн жоготуп алышы мүмкүн».
 
Ошол эле күнү Лондондо Россия менен Украинанын ортосундагы жаңжалды токтотуу боюнча Улуу Британия, Франция, Германия жана Украинанын өкүлдөрүнүн катышуусунда консультациялар аяктады. Бул сүйлөшүүлөргө АКШнын дипломаттары да катышат деп пландалган, бирок Мамкатчы Марко Рубио Зеленскийдин Крым тууралуу айткандарынан кийин Лондонго баруудан баш тартты: «Бул биздин аймак, бул украин элинин жери. Бул боюнча эч кандай сүйлөшүү болбойт — бул биздин Конституциянын чегинен тыш», -деген Зеленский.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз