Экспо-2025: Японияда кыргыз балын уурдоого шектелген жаранга жогорку сапаттагы бал беришти

Осака шаарынын полициясы «Экспо-2025» дүйнөлүк көргөзмөсүндө жайгашкан Кыргызстандын павильонунун жетекчилигине кайрылды.
 
Буга чейин, 17-апрелде, 83 жаштагы эркек киши кыргыз балынын уурдалышы боюнча шек саналып кармалган.
 
Кыргызстандын катчылыгынын маалыматына ылайык, павильондун жетекчилиги бул кишиге карата эч кандай доо койгондон баш тарткан.
 
Кийинки күнү, 18-апрелде, карыя полиция кызматкерлери менен бирге Кыргызстандын павильонуна келип, болгон окуя үчүн кечирим сураган. Кыргыз тарап ага жогорку даражалуу конокторго белек катары берилүүчү эң мыкты жана кымбат балдын бир түрүн, ошондой эле белектерди жана сувенирлерди тапшырган.
 
Павильондун өкүлдөрү Осака шаарынын полициясына кайрылып, бул окуяны түшүнбөстүк катары баалап, карыяны камабоону суранган.
 
Катчылыктын маалыматына караганда, кыргыз балы «Экспо-2025» көргөзмөсүнүн коноктору арасында дагы деле болсо популярдуулукка ээ.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз