Элчибек Жантаев 93 жаштагы энеге белек тапшырды

Бүгүн, 25-апрель күнү Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев Кара-Кулжа районунунун 1-Май айылынын тургуну - оруктун ардагери 93 жаштагы Саадат Алиевадан кабар алды. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, облус жетекчиси Саадат эненин абалын сурап, Улуу Жеңиштин 80 жылдык маарекеси менен куттуктап, согуш жылдарында жаш экендигине карабастан тылда эмгектенип, жеңиштин келишине салым кошкондугу үчүн ыраазычылыгын билдирип, белегин тапшырды.
 
«Саадат Алиева 1932-жылы Кара-Кулжа районунун 1-Май айылында туулган. Жаштыгына карабастан, оор жылдарда айыл чарбасында, айрыкча тамекичилик тармагында үзүрлүү эмгектенип, тылда эмгек кылуу менен Улуу Жеңишке өз салымын кошкон»,- деп айтылат маалыматта.
 
Саадат апа 1964-жылы Совет колхозунун №6 бөлүмүндө жумушчу болуп иштей баштап, өмүрүнүн көп жылдарын эмгек майданына арнаган. Көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн "1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы каарман эмгеги үчүн" медалы менен 2006-жылы сыйланган. 4 уул, 5 кыздын энеси.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз