Ош: 9 бала фостердик үй-бүлөгө жайгаштырылган

Ош шаары. Сүрөт: "Турмуш" басылмасы

Үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн адистери Ош шаарында үймө-үй кыдырып, балдардын жагдайы менен таанышып жүрөт. Бул тууралуу кечээ, 24-апрель күнү Ош шаардык мэриясынын коллегиялык жыйынында Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын Үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Раева билдирди, деп жазат "Турмуш" басылмасы.
 
Анын айтымында, ушул жылдын биринчи кварталында 2 миң 817 мигранттын балдары табылган. Мыйзам менен чатагы бар 12 бала аныкталган.
 
«Биринчи кварталда мигранттардын 2 миң 817 баласы табылып, мыйзам менен чатагы бар 12 бала аныкталды.Алар менен тыгыз иштеп жатабыз. Быйылкы эсеп менен алганда кароосуз калып, ташталган балдар жок. Сот аркылуу бир баланын ата-энесин ата-энелик укуктан ажыраттык. Ал эми сот тарабынан 2 баланын ата-энеси соттолуп, эркинен ажыратылган. 
 
Турмуш оор кырдалдагы үй-бүлөлөрдүн 10 баласына Ош шаардык мэриясынын астында балдар боюнча түзүлгөн комиссия бар, ошол комиссия аркылуу 10 балага үй-бүлө менен жекече иштөө планы түзүлдү. Ошондой эле 7 балага балдар менен жекече иштөө планы түзүлүп, ишканаларга, мекемелерге тапшырмалар берилди. Балдарга психологиялык жардамдар берилип жатат»,- деди ал.
 
Ошондой эле ал кароосуз калып, түнү көчөдө жүргөн балдар биринчи ирет реабилитациялык борборго алып барыларын айтып, шаардагы балдар үйүндө канча бала тарбияланып жатканын кошумчалады.
 
«Рейддерде кармалган балдарды реабилитациялык борборго алып барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Ал эми «Боорукердик» үйү социалдык мекеме болуп калды. Андан тышкары, «Лотос» жана «Алтын уя» балдар үйлөрү менен иштешебиз. «Лотос», «Алтын уя» балдар үйлөрү 12 баладан ашпаш керек. Бүгүнкү күндө «Алтын уяда» 10 бала, ал эми «Лотосто» 8 бала тарбияланууда. Балдардын баары соттун чечими менен жайгаштырылган. Ата-энелик укуктан ажыратылган үй-бүлөрдүн балдары, ата-энеси белгисиз болуп калган балдар тарбияланууда»,- деди ал.
 
Мындан сырткары, Гүлзина Раева фостердик үй-бүлөлөрдө канча бала тарбияланып жатканын айтты.
 
«Ошто фостердик 10 үй-бүлө бар. Бул өкмқттүн программасында да бар. Учурда 10 ата-эне атайын окуудан өтүп, азыркы күндө 9 бала фостердик үй-бүлөлөрдө жашап жатышат.Андан тышкары, 25 баланы ата-энесинин күбөлүгүнүн негизинде жайгаштырганбыз»,- деди ал.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз