Камчыбек Ташиев Орусиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 25-апрелде Кыргызстандагы Россиянын элчиси Сергей Вакуновду кабыл алды, деп жазат "АКИпресс" басылмасы булактарына таянып.
Жолугушууда тараптар Россотрудничествонун штаттан тышкаркы кызматкерлеринин кармалышы боюнча маселени талкуулашты.
Кыргызстандын жарандары болгон штаттан тышкаркы кызматкерлер тарабынан жасалган укук бузуу деңгээлин карап чыгып, тергөө органдары аларга карата камактагы бөгөт чарасын үй камагына алмаштырууну мүмкүн деп тапты.
Төрт адамга Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 43-беренеси, 3-бөлүгү («Уюштуруучу, түрткү берүүчү жана көмөкчү») жана 416-беренеси, 1-бөлүгү («Башка мамлекеттердеги куралдуу жаңжалдарда же мамлекеттик бийликти кулатууга же аймактык бүтүндүктү бузууга багытталган зомбулук аракеттерде пайдалануу максатында жалданмачыларды жалдоо, каржылоо, материалдык жактан камсыз кылуу, үйрөтүү жана аларды колдонуу») боюнча айып тагылууда.
Алар УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.