Кыргыз хоккейчилери үчүнчү дивизионду жеңип, экинчи дивизионго жол алышты

Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы үчүнчү дивизиондун (топ А) дүйнө чемпионатында жеңүүчү болду.

Турнир 21-27-апрель күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында өтүп, анда алты курама команда тегерек система боюнча оюн өткөрүштү.
 
Кыргызстандын курама командасы бардык 5 беттеште жеңишке жетишип, турнирдик таблицада ишенимдүү түрдө 1-орунду ээледи.
 
Кыргызстандын курама командасы 3А дивизионунун дүйнө чемпиону наамын жеңип алып, келерки жылы боло турган 2В дивизионуна жолдомо алды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз