Садыр Жапаров президенттик шайлоонун эрежелерин өзгөртүү боюнча мыйзамга кол койду
Президент Садыр Жапаров «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу конституциялык мыйзамга кол койду.
Бул мыйзам 2025-жылдын 16-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Бул конституциялык мыйзамдын максаты — «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 48-беренесинин 1-бөлүгүндөгү норманы «Конституция жөнүндө» мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүнө шайкеш келтирүү жана президенттик шайлоолордун мөөнөтүн тактоо болуп эсептелет.
Ушуга байланыштуу, конституциялык мыйзамдын 48-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй жаңы редакцияда берилди:
«1. Президенттин кезектеги шайлоосу анын ыйгарым укуктары аяктаган жылдын январь айынын төртүнчү жекшембисинде өткөрүлөт жана шайлоо күнү белгиленгенге чейин Жогорку Кеңеш тарабынан кеминде 4 ай мурда дайындалат».
Мындан тышкары, бул конституциялык мыйзам менен «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 50-беренесинин 3-бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү каралган. Бул өзгөртүү Конституциянын 68-беренесинин 1-бөлүгүндөгү талаптарга шайкеш келтирүүгө багытталган жана президенттик шайлоого катышуу үчүн талапкердин жаш курагы боюнча тактоо киргизилген.
Бул боюнча, 50-берененин 3-бөлүгүндө «35 жаштан кем эмес» деген сөздөр «шайлоо күнү 35 жашка толгон» деген сөздөр менен алмаштырылды.
Кыргызстанда акыркы президенттик шайлоо 2021-жылдын январь айында өткөн. Анда Садыр Жапаров алты жылдык мөөнөткө президент болуп шайланган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.