Кыргызстан 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлигин көрсөттү

2025-жылдын 28-апрелинде Женева шаарындагы БУУнун Улуттар Сарайында Кыргызстанды 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин илгерилетүүгө арналган иш-чара өттү.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чараны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Аяз Баетов ачты.
 
Өзүнүн сүйлөгөн сөзүндө Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Кыргызстан тынчтык жолу менен маселелерди чечүү жана жакшы коңшулаштык принциптерин системалуу түрдө алдыга жылдырып келе жатканын, ошондой эле Борбордук Азияда туруктуулукту чыңдоого саясий эрк көрсөтүп жатканын белгиледи. Өлкөнүн аймактык маселелерди чечүүдө жүргүзүп жаткан тынчтык орнотуу аракеттери Кыргызстан дүйнөлүк туруктуу тынчтыкка салым кошууга даяр экендигин көрсөтүп турат.
 
Аяз Баетов Кыргызстандын эл аралык процесстерге катышуусунун негизги артыкчылыктарын белгиледи: өзөктүк куралсызданууну илгерилетүү, алдын алуу дипломатиясы жана ортомчулук механизмдерин өнүктүрүү, Глобалдык Түштүк өлкөлөрүндө туруктуу өнүгүүнү колдоо, ошондой эле климаттын өзгөрүшү, азык-түлүк коопсуздугу жана тоолорду өнүктүрүү маселелеринде глобалдык кызматташтыкты бекемдөө.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз