Зеленский Путинди Жеңиш күнүнө карата ок атышууну токтотуу сунушуна жооп берди

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путиндин Жеңиш күнүнө карата ок атууну токтотуу тууралуу билдирүүсүнө жооп катары токтоосуз ок атууну токтотууну сунуштады.

Зеленский Путиндин сунушун «кезектеги манипуляция аракети» деп атап, ок атышууну токтотуу үчүн дагы бир жарым жума күтүүнүн эмне кереги бар экенин түшүнбөгөнүн билдирди жана бул аракет «Путинге парад учурунда тынчтык камсыздоо» максатын көздөйт деп кошумчалады.
 
«Биз адамдардын өмүрүн баалайбыз, параддарды эмес. Ошондуктан биз, дүйнө да ушундай ойдо, ок атууну токтотуу үчүн 8-майды күтүүнүн эч кандай себеби жок деп эсептейбиз. Ок атуу дароо, толугу менен жана шартсыз токтотулушу керек жана жок дегенде 30 күнгө созулушу зарыл. Ошондо гана чыныгы дипломатия үчүн ишенимдүү негиз түзүлөт», — деди Зеленский өзүнүн кечки кайрылуусунда.
 
Буга чейин, 28-апрелде Кремль Улуу Ата Мекендик согуштун аякташынын 80 жылдыгына карата бир тараптуу ок атууну токтотууну жарыялаган. Россия тараптан ок атышууну токтотуу режими 8-майдын түн ортосунан 11-майдын түн ортосуна чейин күчүндө болот.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз