Май айында кыргызстандыктар 11 күн эс алышат
Быйылкы жума кыргызстандыктар үчүн кыска жумушчу жума болот.
Тактап айтканда, бул жумада 3 эле жумушчу күн болуп, андан соң 1-майдан тартып май майрамдары башталат.
Жаңы Эмгек кодексине ылайык, май айындагы эс алуу күндөрү 1, 2, 3, 4, 6, 7 жана 8-май болуп белгиленген. Бул күндөр жумуш күнү эмес.
Мындан тышкары, 5-май — Конституция күнү жана 9-май — Жеңиш күнү катары белгиленип, бул күндөр да эс алуу күндөрү болуп саналат.
Ошентип, май айында кыргызстандыктар 11 күн катары менен эс алышат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.