Батыш Европадагы электр жарыгынын өчүшү: Испания өгөчө кырдаал режимин киргизди
Испания менен Португалияда 28-апрелде ири масштабдуу электр жарыгы өчүрүлдү. Электр менен камсыздоодогу үзгүлтүктөр Францияны, Бельгияны жана Андорраны да камтыды. Жарыктын өчүшүнүн айынан Мадриддеги жана Лиссабондогу эл аралык аэропорттордун иши токтоп калды, деп жазат "CentralAsia".
Испания менен Португалияда электр энергиясы жана телефон байланышында масштабдуу үзгүлтүктөр болду. Электр менен камсыздоодогу мүчүлүштүктөрдүн себептери азырынча аныктала элек.
Электр жарыгынын жапырт өчүүсүнөн улам коомдук транспорт, жол чырактар жана телефон байланыш иштебей калды, Мадрид менен Барселонанын айрым райондорунда поезддердин кыймылы дээрлик токтоп калды.
El Pais басылмасынын маалыматы боюнча, электр жарыгы менен камсыздоодогу массалык үзгүлтүктөр жергиликтүү убакыт боюнча 12:20да башталган. Белгисиз себептерден улам Испанияда электр энергиясынын керектөөсү 27 075 мегаваттан 12 321 мегаватка чейин түшүп кеткен. Мамлекеттик компания Red Eléctrica өзүнүн шашылыш калыбына келтирүү планын ишке киргизгенин жана башка энергетикалык компаниялар менен күчтөрдү бириктирип жатканын билдирди.
Euronews маалымдагандай, Испания өкмөтү өлкөдө болгон ири электр жабдууларынын ишиндеги мүчүлүштүк боюнча шашылыш жыйын өткөрдү. Өлкөдө өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Электр энергиясындагы үзгүлтүктөр Лиссабондогу аэропорттун ишин токтотуп, миңдеген жүргүнчүлөргө таасирин тийгизди.
Испаниянын премьер-министри Педро Санчес BBC агенттигине билдиргендей, 28-апрелдин кечинде өлкөдө электр жарыгы болжол менен 50% калыбына келтирилген.
"Электр тармактарынын маалыматына ылайык, азыркы учурда элект жарыгы дээрлик 50% калыбына келди. Биздин максат – алдыдагы сааттарда камсыздоону толугу менен калыбына келтирүү," — деп билдирди Санчес телекөрсөтүү аркылуу кайрылуусунда. Ал ошондой эле электр энергиясы Франциядан жана Мароккодон келип жатканын кошумчалады.
Премьер-министри так убакытты айткан жок, качан электр жарыгы толугу менен калыбына келтирилери белгисиз. Ошондой эле айрым жумушчуларга шейшемби күнү үйдө калууга туура келерин кошумчалады.
Испания менен Португалиядагы ири масштабдуу өчүрүүнүн так себеби алигиче белгисиз. Португалиянын премьер-министри Луис Монтенегро өчүрүүнүн булагы "балким, Испанияда" экенин айтты. Ал эми Испаниянын премьери Санчес, бийлик органдары себептерди аныктоо иштерин жүргүзүп жатканын билдирди.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.