Баткен: Кыргыз-тажик чек арасына зым тартуу иштери башталды
Бүгүн, 29-апрелде Кыргызстан –Өзбекстан-Тажикстан өлкөлөрүнүн чектешкен жериндеги Стелла аймагында, тагыраагы Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагынын Кошмоло жерлигинде, кыргыз-тажик чек арасына зым тартуу иштери башталды. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, демаркация иштерин баштоого онлайн форматта катышып,старт берди.
«Иш чарага жеринен УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары - мамлекеттик чек ара кызматынын директору Абдикарим Алимбаев, Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назырбек Бөрүбаев, Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов жана чек арачылар катышты»,- деп айтылат маалыматта.
Чек араны тосуу иштеринин жүрүшү үчүн аталган аймакка атайын талаа шаарчасы курулуп,чек арачылар үчүн шарттар түзүлгөн.Атайын техникалар алынып келинген. Алдыда биринчи этапта 420км аралыкта кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасына зым тартылат.Бул иш аракеттер жыл аягына чейин бүткөрүү пландалган.
Буга чейин кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо иштери аяктап, 2025-жылдын 13-мартында Бишкекте эки өлкө башчылары чек ара боюнча келишимге кол койгон.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.