Индиянын премьер-министри Нарендра Моди террактка жооп кайтаруу үчүн аскерлерге "каалагандай эркиндик" берилген айтты

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди коопсуздук маселелери боюнча жыйында сүйлөп жатып, Кашмирде болгон терактка жооп берүүдө Индиянын куралдуу күчтөрүнө «каалаган ыкма, максат жана убакыт боюнча чечим кабыл алуу эркиндиги» берилгенин билдирди. Бул тууралуу The Times of India басылмасы жазды.

Коопсуздук боюнча жыйында сүйлөп жатып, Моди өз өлкөсү терроризмге каршы «сокку урууга даяр» экенин белгиледи. Ал куралдуу күчтөрдүн кесипкөйлүгүнө терең ишене турганын да кошумчалады.
 
22-апрелде Пахалгам шаарында «Кашмирдик каршылык» аттуу топтун куралчан мүчөлөрү туристтерге ок ачышкан. Натыйжада 26 киши каза тапкан. Бул теракт үчүн Индия жоопкерчиликти Пакистанга жүктөп, индиялык атайын кызматтар терактка Пакистандын атайын кызматтарынын тиешеси бар экенин далилдеген материалдар бар экенин билдиришти. Кечээ, 28-апрелде Пакистандын коргоо министри Хаваджа Асиф Индия тараптан кол салуу «качып кутулгус» экенин айтты.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз