Парламент ЖКнын шайлоосунун жаңы системасы боюнча мыйзамды үчүнчү окууда жактырды
30-апрелде Жогорку Кеңеш Конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» конституциялык мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.
76 депутат макул, 1 депутат каршы добуш берип, жыйынга жалпы 85 депутат катталган.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери — депутаттар Нурланбек Тургунбек уулу, Нурбек Сыдыгалиев, Акылбек Түмөнбаев, Кундузбек Сулайманов, Марлен Маматалиев, Улан Примов, Данияр Төлөнов, Жумабек Салымбеков, Чынгыз Ажибаев, Советбек Рустамбек уулу жана Жайлообай Нышанов.
Долбоорго ылайык, 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлөт. Ар бир округдан үч депутат шайланат: экөө эркек, бири аял болушу керек.
Саясий партиялар ар бир көп мандаттуу аймактык шайлоо округу боюнча жашыруун добуш берүү жолу менен өткөрүлгөн съездде Жогорку Кеңештин депутаттыгына бирден талапкер көрсөтүшөт. Талапкерлерди көрсөтүүдө кайсы округдан ат салышаары көрсөтүлүүгө тийиш.
Саясий партиялар өзүнүн мүчөсү болбогон жарандарды да депутаттыкка талапкер кылып көрсөтө алышат.
Бирок башка саясий партиянын мүчөсү болгон жарандарды талапкер кылып көрсөтүүгө уруксат берилбейт.
Саясий партия үчүн шайлоо күрөөсү — 9 миллион сом, партиясыз талапкер үчүн — 300 миң сом. Каттоого алуу ошол күрөөнү төккөндөн кийин жүрөт. Шайлоонун жыйынтыгына карабастан, күрөө кайтарылбайт.
Жогорку Кеңешке өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен депутаттыкка талапкер болгондор бир гана округдан катыша алышат. Алардын да күрөөсү кайтарылбайт.
Ошондой эле талапкерлерге 1000ге чейин үгүтчү жалдоого уруксат берүү сунушталууда.
Көп мандаттуу округдарда шайланган депутат ордун бошоткон учурда кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Анын ордуна ошол округдан эң көп добуш алган, бирок шайланбай калган кийинки талапкерге депутаттык мандат берилет.
Эгер депутат болуп шайланган аял мандатын тапшырып кетсе, анын ордуна добуш бергендердин арасынан эң көп добуш алган кийинки аял талапкерге мандат өтөт.
Бул чаралар республикалык бюджетти үнөмдөө максатында сунушталууда. Жетинчи чакырылыштагы депутаттарды кайра шайлоого болжол менен 200 миллион сом коротулган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.