Ош мэриясында эки жетекчи кызмат орундарын алмашышты
Мирлан Казыбай уулу жана Толкунбек Нурматов.
Ош шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин буйругуна ылайык, Ош шаарынын мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы болуп Нурматов Толкунбек Абдусатарович дайындалды.
Ал эми Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы болуп Казыбай уулу Мирланбек дайындалды.
2025-жылдын 6-февралында Толкунбек Нурматов Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы болуп дайындалган. Ал эми Мирлан Казыбай уулу 2025-жылдын 13-мартында Ош шаардык мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы болуп дайындалган болчу.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.