АКШ менен Украина АКШ–Украина Калыбына келтирүү инвестициялык фондун түзүү тууралуу макулдашууга кол коюшту

Экономика министри Юлия Свириденко жана АКШнын Каржы министри АКШ–Украина Калыбына келтирүү инвестициялык фондун түзүү тууралуу макулдашууга кол коюшту, деп жазат «Украинская правда».

Свириденко макулдашуунун жаратылыш байлыктарына (недра) байланыштуу негизги жоболорун айтып өттү:
 
- Бардык ресурстар Украинага таандык бойдон калат – бул макулдашуунун шартында так көрсөтүлгөн.
 
- Инвестициялык фонд 50/50 шартында түзүлөт. Фондду Украина менен АКШ биргелешип башкарат. Эч бир тарапта үстөмдүк кылган добуш укугу болбойт.
 
- Макулдашууда менчиктештирүү же мамлекеттик компанияларды башкаруу процессине эч кандай өзгөрүү киргизилбейт – алар мурдагыдай эле Украинага таандык бойдон калат. Маселен, «Укрнафта» же «Энергоатом» сыяктуу компаниялар мамлекеттин менчигинде калат.
 
- Макулдашууда Украинанын АКШ алдындагы карыздык милдеттемелери жөнүндө эч нерсе айтылган эмес.
 
- Макулдашуу Конституцияга ылайык келет жана Украинадагы евроинтеграция багытына каршы келбейт.
 
- Документ улуттук мыйзамдарга шайкеш келет жана Украинанын эл аралык милдеттенмелерине каршы келбейт.
 
- Фонд жаңы берилген лицензиялардан түшкөн кирешелерден гана каржыланат. Сөз критикалык материалдар жана мунай менен газ тармагындагы жаңы долбоорлорго берилчү лицензиялардан бюджетке түшө турган каражаттын 50%и жөнүндө болуп жатат. Мурда башталган долбоорлордон түшкөн же бюджетке буга чейин пландалган кирешелер фондго киргизилбейт.
 
- Мыйзамдагы өзгөрүүлөр – так жана чектелген мүнөздө болот. Фонддун иштеши үчүн Бюджеттик кодекске гана өзгөртүүлөр киргизүү каралган. Өзү макулдашууну Жогорку Рада ратификациялашы керек.
 
- АКШ Украинага инвестициялар, технологиялар жана инновациялар жагынан жардам берет, бул үчүн DFC (Development Finance Corporation) агенттиги тартылат.
 
- Фонддун кирешелери жана салымдары АКШда да, Украинада да салыкка тартылбайт.
 
- Свириденко кошумчалагандай, АКШ фондго салым кошот. Бул каражат түрүндө гана эмес, жардам катары – мисалы, Украина үчүн абадан коргонуу системаларын берүү сыяктуу болушу мүмкүн.
 
«Биз күтөбүз: фонддун алгачкы 10 жылдагы пайдасы жана кирешелери бөлүштүрүлбөйт – алар Украинага гана кайрадан инвестиция иретинде, жаңы долбоорлорго же калыбына келтирүү иштерине жумшалат. Бул шарттар кошумча талкууланат», – деди ал.
 
Өз кезегинде АКШнын каржы министри Скотт Бессент мындай деди:
 
«Бул макулдашуу Россияга ачык билдирүү жиберет: Трамп администрациясы тынчтык процессине берилген. Анын негизинде – эркин, эгемендүү жана гүлдөгөн Украина турат. Президент Трамп бул өнөктөштүктү америкалык жана украиналык элдин ортосунда түзүп, узак мөөнөттүү тынчтык жана өнүгүүнү камсыз кылууну максат кылган. Жана тактап коюш керек: Россиянын согуштук машинасын каржылаган же жабдыган эч бир мамлекет же адам Украинаны калыбына келтирүүдөн пайда көрө албайт».
 
Бул документке кол коюу үчүн Вашингтондо Украина тараптан биринчи вице-премьер, экономика министри Юлия Свириденко барды.
 
Financial Times маалымдагандай, АКШ жана Украина ортосунда жер казынасын пайдалануу боюнча макулдашууну түзүү соңку мүнөттөрдө украин делегациясы Вашингтонго кетип жаткан учурда үзгүлтүккө учурашы мүмкүн болгон.
Болочок АКШ–Украина биргелешкен инвестициялык фонду пайдалуу кендерди иштетүү менен катар эле инфраструктуралык долбоорлорго да инвестиция сала алат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз