АКШдан депортацияланган жарандар Кыргызстанга келди

Иллюстрациялык сүрөт

2025-жылдын 1-майында Нью-Йорк—Ташкент—Бишкек багыты боюнча чартердик рейс аркылуу Кыргызстанга 20 жаран кайтып келди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
 
Буга чейин АКШ Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын 100дөн ашуун мыйзамсыз мигранттарын депортациялаганы белгилүү болгон.
 
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, бул учуу Өзбекстан Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосунда жетишилген келишимдердин негизинде уюштурулган.
 
АКШ тараптын маалыматына ылайык, аталган жарандар Америка Кошмо Штаттарынын миграция мыйзамдарын бузгандыгы үчүн кармалып, атайын борборлордо кармалып турушкан. Бардык иммиграциялык процедуралар, анын ичинде соттук териштирүүлөр аяктагандан кийин, алар өлкөдөн чыгарылууга тиешелүү чет элдик жарандардын тизмесине киргизилген.
 
Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы жана Өзбекстан Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жарандардын мекенине коопсуз жана өз убагында кайтып келүүсүн камсыз кылуу максатында тиешелүү органдар менен тыгыз байланышта иш жүргүзүп жатышат.
 
Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдүн, анын ичинде Америка Кошмо Штаттарынын миграция мыйзамдарын бузуу олуттуу укуктук кесепеттерге – депортацияга, кайра кирүүгө тыюу салууга жана башка чектөөлөргө алып келиши мүмкүн экенин эскертти.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз