Путин мүмкүн болгон мураскору боюнча ар дайым ойлонуп жүргөнүн айтты
Орусия президенти Владимир Путин «Россия. Кремль. Путин. 25 лет» деген даректүү тасмага берген маегинде өлкөнүн эң жогорку мамлекеттик кызмат ордуна ким мураскор боло аларын дайыма ойлонуп жүрөрүн айтты. Бирок ал негизги тандоо ар дайым өлкө жарандарына таандык экенин баса белгиледи.
Путин ар бир талапкердин мүмкүнчүлүктөрүн кылдат баалап жүргөнүн белгиледи, бирок президенттин бул тандоодогу ролу чечүүчү эмес экенин айтты.
«Айкын, шайлоо технологиялары бар, административдик ресурс бар, бирок акыры-аягында тандоо элде, Россия элинде, жарандарда, шайлоочуларда. Артында элдин ишеними жок адамдын чындап бир нерсе жасоо мүмкүнчүлүгү өтө төмөн. Бул — абдан принципиалдуу маселе», — деди Россия президенти.
Ошондой эле мамлекет башчысы элдин чыныгы тандоосу болушу үчүн өлкөдө бир же бир нече компетенттүү талапкер чыгышы керек экенин кошумчалады.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.