Москвага багытталган 19 учкучсуз учуучу аппарат атып түшүрүлдү

Москва шаарынын мэри Сергей Собянин борбор калаага багытталган дагы 10 учкучсуз учуучу аппараттын (дрондун) чабуулу кайтарылганын билдирди. Анын айтымында, дрондор ар түрдүү багыттардан учурулган. Жалпысынан, 6-майга караган түнү Москвага жакын жерде атып түшүрүлгөн БПЛАлардын саны 19га жетти. Бул тууралуу «Коммерсантъ» жазды.

«Сынган бөлүктөрдүн жерге түшкөн жеринде алдын ала маалыматтар боюнча кыйроолор жана жабыркагандар жок. Кырсык болгон жерлерде өзгөчө кырдаалдар кызматынын адистери иштеп жатышат», — деп жазды Сергей Собянин өзүнүн Telegram-каналында.
 
Борбордогу башкы аэропорттордо — Шереметьево, Домодедово, Внуково жана Жуковскийде — учууларга чектөөлөр киргизилди.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз