АКШ мыйзамсыз мигранттарга өлкөдөн өз эрки менен чыгып кетүү үчүн 1000 доллар сунуштады
Сан-Диегонун түштүк чек арасында кезекке турган мигранттар, 2024-жылдын 6-июну.
АКШнын Ички коопсуздук министрлиги (DHS) мыйзамсыз мигранттар үчүн "өз ыктыяры менен депортация" программасын ишке киргизгенин жарыялады. Анын алкагында мыйзамсыз жүргөн адамдарга өлкөдөн чыгып кетүү үчүн акча берилет, деп жазат "CentralAsia" басылмасы.
«Эгерде сиз бул жакта мыйзамсыз жүрсөңүз, өз ыктыярыңыз менен депортация болуу — бул АКШдан чыгып кетүүнүн эң жакшы, коопсуз жана үнөмдүү жолу», — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Бул программага ылайык, мекенине өз эрки менен кайтып барган мыйзамсыз мигранттар атайын тиркемени колдонуу менен кайрылса, миң доллар өлчөмүндөгү стипендия ала алышат. Акча каражаты мигрант өз өлкөсүнө кайтып баргандан кийин гана берилет. Ошондой эле келечекте АКШга кайра кайтып келүү мүмкүнчүлүгү да каралышы мүмкүн.
DHSнин эсептөөлөрүнө ылайык, бул программа, стипендия берилсе да, мыйзамсыз мигранттарды күч менен чыгарууга кеткен чыгымдарды 70%га кыскартат. Азыркы учурда бир мыйзамсыз мигрантты кармоо, камоо жана өлкөдөн чыгаруу орточо эсеп менен 17 121 долларга түшөт.
Мыйзамсыз миграция менен күрөшүү — январда экинчи жолу АКШ президенти болгон Дональд Трамптын негизги шайлоо убадаларынын бири. Ал бул "өз ыктыяры менен депортация" программасын апрель айында жарыялаган, бирок анын чоо-жайын айткан эмес.
АКШнын Ички коопсуздук министрлигинин акыркы маалыматтарына караганда, жыл башынан бери өлкөдөн 117 миң адам чыгарылган. Быйыл апрель айынын башында The Washington Post басылмасы америкалык аткаминерлерге шилтеме берүү менен, 2025-жылдын жыйынтыгында АКШ 1 миллион мигрантты чыгарууну максат кылып жатканын жазган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.