Улуу Ата Мекендик согушка 80 жыл: Бишкекте парадга арналган иш-чара башталды. Түз эфир
Ала-Тоо аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнө арналган аскердик парад өтөт.
Иш-чарага президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев, Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Осконбаев, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Министрлер кабинетинин орун басарлары Эдиль Байсалов менен Бакыт Торобаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана чет өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышууда.
Мындан сырткары, экс-президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаева, мурдагы министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, мамлекеттик ишмер Апас Жумагулов, ишкер Өмүрбек Бабанов, саясатчы Феликс Кулов жана башка расмий адамдар да көрүндү.
Быйыл Жеңиштин 80 жылдыгы белгиленип жатат. Параддык жүрүшкө 3 000ден ашуун аскер кызматкери катышып, аскердик техника да көрсөтүлөт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.