Ноокатта 39 жаштагы жаранды экскаватор тебелеп кеткен

Иллюстрациялык сүрөт

Ноокат районунда 39 жаштагы жаранды кокусунан экскаватор тебелеп кеткен. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы өздүк булактарына шилтеме берип жазды.
 
Алдын ала маалыматка караганда, 10-май күнү кечинде жол тегиздеп, иштеп жактан жаран каза болду.
 
Айрым маалыматтарга ылайык, жол сүрүп иштеп жаткан экскаватор артка айдап жатып, кокусунан 39 жаштагы жол кызматкерин тебелеп кеткен.
 
Бул маалыматты Ош облустук ЖКККБ басма сөз кызматы тастыктап, төмөнкүлөрдү кабарлады.
 
«2025-жылдын 10-май күнү саат 22:30 чамасында Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Кайрагач айылынын тургуну, 1997-жылы туулган  И.С. экскаватору менен ошл айылда жол тегиздеп жатып, буруп артка айдап жаткан учурда кокусунан артында турган 1986-жылы туулган А.З.ны тебелеп кеткен.А.З окуя болгон жерде каза болгон»,- деп айтылат маалыматта.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз