Ошто милиция кызматкери 55 жаштагы жаранды сүзүп кеткен
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кайрагач айылында милиция кызматкери 55 жаштагы жаранды сүзүп кеткен. Бул тууралуу өздүк булактарына шилтеме берип "Турмуш" басылмасы жазды.
Алдын ала маалыматка карганда, окуя 8-май күнү түнү 23:30 чамасында Бишкек-Ош автунаа жолунун 645-чакырымында болгон. Жабыркаган жаран окуя болгон жерде каза болгон.
Бул маалыматты Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 8-майында саат 23:30 чамасында, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 645-чакырымында, Отуз-Адыр айыл аймагынын Кайрагач айылында Кара-Кулжа РИИБдин кызматкери Э. у. И. кызматтык "Chevrolet Cobalt" үлгүсүндөгү сол рулду автоунаасын башкарып бара жатып, жолдон өтүп жаткан жөө жүргүнчү - Манас айыл аймагынын Кызыл- Мээнет айылынын тургуну 1970-ж.т. Ж.Х.ны койдуруп кеткен. Анын кесчепетинен жөө жүргүнчү Х.Ж денесинен алган жараатынан окуя болгон жерде каза болгон.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.