Путин менен Зеленский Түркиядагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзө турган делегациянын курамын бекитти
Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү Орусия делегациясынын курамы тууралуу буйрукка кол койду. Бул документти Кремлдин басма сөз кызматы жарыялады.
Делегацияны президенттин жардамчысы Владимир Мединский жетектейт. Анын менен кошо сүйлөшүүлөргө тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин, Башкы штабдын Башкы башкармалыгынын жетекчиси Игорь Костюков жана коргоо министринин орун басары Александр Фомин барат.
Мындан тышкары, Путин сүйлөшүүлөргө катыша турган «эксперттердин» курамын да бекитти. Алардын арасында Башкы штабдын маалымат башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Александр Зорин, Президенттин администрациясынын гуманитардык саясат боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Елена Подобреевская, ТИМдин КМШ өлкөлөрү боюнча Экинчи департаментинин директору Алексей Полищук, ошондой эле Аскердик кызматташтык боюнча башкы башкармалыктын жетекчисинин орун басары Виктор Шевцов бар.
Документте Орусиянын президентинин өзү жөнүндө айтылган эмес.
Украина президенти Владимир Зеленскийдин буйругуна ылайык, Киев тараптан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө Президенттик кеңсенин жетекчиси Андрей Ермак, тышкы иштер министри Андрей Сибига жана коргоо министри Рустем Умеров ыйгарым укуктуу болуп дайындалган.
Орусия менен Украинанын жолугушуусу 15-майда Түркияда өтүшү керек. Бул 2022-жылдан берки алгачкы түз сүйлөшүүлөр болот деп күтүлүүдө. Жолугушууну өткөрүү демилгеси Владимир Путинден чыккан. Украина макулдугун берген.
Украина президенти Владимир Зеленский Путин менен жеке жолугууга даяр экенин айткан. Ал Орусия делегациясынын курамы жарыялангандан кийин «Украина кандай кадамдарды жасоосу керектигин аныктай турганын» билдирген. Ошону менен бирге, Зеленский Украинанын бардык форматтагы сүйлөшүүлөргө даяр экенин белгилеген.
АКШ өкүлдөрү — мамлекеттик катчы Марко Рубио жана президенттин атайын өкүлү Стив Уиткофф — билдирүүгө ылайык, Түркияга 16-майда, сүйлөшүүлөрдөн кийинки күнү барышат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.