Адаттан тышкары ысык болот. Кыргызгидромеддин синоптиги кайсыл жерлерде 40 градус ысык болорун айтты
Кыргызстандын аймагында 16-17-май күндөрү аба ырайы +40° градуска чейин жетиши мүмкүн, деп маалымдады Кыргызгидромет өзүнүн бороон-чапкын тууралуу эскертүүсүндө.
Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы +35°…+40° градуска чейин көтөрүлөт, ал эми Талас облусунда +33°…+38° градуска чейин жетиши мүмкүн.
Кыргызгидрометтин аба ырайын божомолдоо бөлүмүнүн башчысы Нуризат Дооранова АКИpress агенттигине кайсы жерлерде эң жогорку +40° градус катталышы мүмкүн экенин айтып берди.
«Деңиз деңгээлинен төмөн жайгашкан метеостанциялар +40° градус көрсөтүшү мүмкүн. Мисалы, Чүй облусундагы Жаны-Жер айылында алдыдагы күндөрдө +40° градус катталышы ыктымал. Бул төмөнкү атмосфералык басымга байланыштуу. Токмок шаарында да +40° болушу мүмкүн. Мунун себеби – аба ырайына таасир эткен түштүк-чыгыш шамалдары», – деди синоптик.
Ал белгилегендей, Бишкек шаарында 16-17-май күндөрү +37°…+38° градуска чейин ысыйт деп күтүлүүдө.
«Жарандар Кыргызгидрометтин маалыматы так эмес деп даттанышууда, чындыгында абанын температурасы божомолдонгондон жогору деп. Бирок белгилей кетүү керек, эгер биз +38° деп божомолдосок, бул күндүн тийишинен улам абанын ысышы, тышкы факторлорду эсепке албагандагы температура», – деп түшүндүрдү ал.
Аба ырайын божомолдоо бөлүмүнүн башчысы бардык маалыматтар Кыргызгидрометке караштуу метеостанциялардан алынарын, алар Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун (ВМО) бардык стандарттарына ылайык орнотулуп, колдонулуп жатканын билдирди.
«Ар кандай унаалардагы термометрлер ар башкача көрсөткүчтү көрсөтүшү мүмкүн, асфальт күн тийгенден улам көбүрөөк ысып кетет, шаарда бир башкача, талаада башкача болушу мүмкүн, ал эми чыныгы температура – бул метеостанциялардан алынган маалымат», – деди Дооранова.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.