УКМК абактагы Тилекмат Кудайберген уулу боюнча маалымат берди
Камактагы Т.Кудайберген уулун сотко алып келүү учурунан Интернеттеги социалдык тармактарга тараган видео боюнча УКМК комментарий берди.
Маалыматка караганда, социалдык тармактарда камактагы Т.Кудайберген уулу (Т.Куренов) Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна медициналык беткап кийип, таяктын жардамы менен басып келгендиги көрсөтүлгөн видео жарыяланып, ал видеодогу көрүнүштү кээ бир интернет колдонуучулар «ага карата кыйноо колдонулган» деп ар кандай жалган маалыматтарды таратууда.
«УКМК Т.Кудайберген уулунун СИЗОдо омуртка аралык өнөкөт грыжа оорусу күчөп кеткендигин, ошондуктан учурда ага керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын белгилейт. Бул жагдайды «24.kg» маалымат агенттигине Т.Кудайберген уулунун жактоочусу А.Турдуев да тастыктап, КР УКМК тарабынан Т.Кудайберген уулуна карата эч кандай физикалык күч колдонулбаганын белгиледи»,- деп айтылат маалыматта.
Бардык тергөө аракеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде, процессуалдык нормаларды жана айыпталуучунун укуктарын сактоо менен так жүргүзүлүүдө.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.