Кыргызстанда мечит имамдарына стипендия берүү программасы иштеп баштады
2025-жылдын апрель айынан тарта Кыргызстандын бардык аймактарында мечит имамдарына стипендия берүү программасы расмий түрдө башталды.
Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирип, стипендиялар дин кызматкерлерин колдоо, диний чөйрөнү бекемдөө жана коомдо туура диний түшүнүктү өнүктүрүү максатында берилерин белгилешти, деп жазат "АКИпресс".
Стипендияны өлкө боюнча расмий каттоодон өткөн бардык мечиттердин имамдары алышат. Муфтият бул кадам имамдардын кайрымдуулук же башка тараптан жардамга көз карандуулугун азайтып, аларга өз милдеттерин объективдүү, жоопкерчиликтүү жана сапаттуу аткарууга шарт түзөт деген үмүттө.
«Имам — бул жөн гана намаз окуткан адам эмес. Бул — коомдун руханий кароолчусу, улуттук аң-сезимди ойготкон лидер. Анын сөзү элдин руханий мейкиндигин калыптандырат, насааттары тынчтыкты сактайт, көз карашы жаштарды багыттайт. Эгерде биз имамга шарт түзсөк — ал бүтүндөй коомдун аң-сезимин калыптандырат. Эгерде биз имамды колдосок — ал элдин ишенимин туура багытка бурат. Бул кадам — чындыгында эле элдин келечегине түптөлгөн руханий пайдубал», — деди Кыргызстан мусулмандарынын башкы муфтийи Абдулазиз кары Закиров.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.